божура

китептерде 24 жолу, 8 китепте
  1. Кобурап же акырыныраак үн чыгарып сүйлөө, майдалап жайынча сүйлөй берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ларга мындай тапшырды: / — Жолдо киши учурап, / Жолтоолосо кеп сурап, / Татыксыз кепти салгыла, / Баарың сүйлөп кожурап, / Акылман киши кептенип, / Сыр чыгарба божурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атын Балтык койгону, / Арамкор доңуз оңбоду, / Эки-үч жыл өтүп кетти, деп, / Ойлогонун койбоду, / Коктукат барып кобурап, / Конгон үйдө кеп салып, / Жок сөздү айтып божурап, / Ошентип жүрүп үч айда, / Бул Оторго жолугат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Келгенинче божурап, / Айта кирди кабарды: / — Чыныкени бирге алып, / Чынгыш качып баратса, / Алп кара куш кармады, / «Мен Чынгыш эмес, жору» деп, / Эмгиче кайыл албады, / Чыныке колго тийгенде, / Таанууга келбейт дарманы, / Гүлкаакы турат зынданда, / Чыгарып аны алалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үйгө кирип Бөдөнө, / Баарын алды бергенин, / Атасына божурап, / Айтып барды көргөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тыным албай кожурап, / Окуп-чукуп божурап, / Үн алышып кобурап, / Эки сыйкыр олтурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →