божу
- Арабага кошулган атты оңго, солго буруп же тартып токтотуу, башкаруу үчүн колдонулуучу боо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кытайдан келген кызталак, / Кызый-кызый божунап, / Кылым казак журтума, / Эмне үчүн кысталат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үстү ачылбай быжылдап, / Куран окуп молдолор, / Үн салышып кожулдап, / Кеп салышкан андан көп, / Топ-топ болуп божулдап, / Күмбөздүн келип оозуна, / Каныкей, Бакай, Семетей, / Хан Сейтек, Гүлүстөн, / Катар бешөө олтурат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →