богок
- Ээктин алдындагы эттин көбүңкү тартып же салаңдап турган бөлүгү.
- Калкан бездеринин өсүп кетишинен алкымда пайда болгон оору.
- Эгиндин баш алууга жакындаганда сабагынын учунда пайда болгон дан байлоочу бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алкымында богогу, / Он эки жашар баладай, / Жакасын жаап салаңдап, / Оозунда тиши шакылдап, / Кирип келди айкырып, / Кыргыздарга жакындап, / Алымсарык чунактын, / Ойунда жок тартынмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →