биттей

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Абдан кичине, тырмактай кичине.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Убара болуп бүжүңдөп, / Ушак ташып бүжүрөп, / Балтыр биттей күбүрөп, / Сакалың ак, чачың ак, / Саксаңдаган ит Бетер, / Антип жүрүш кайсы кеп? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эркелетээр балаң жок, / Эрмекке сүйөр катын жок, / Көңүл ачар эрмектен, / Сенде бүгүн такыр жок, / Өрөпкүйсүң оолугуп, / Биттей сенде акыл жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ардын баары чакчаңдап, / Кең көкүрөк сом далы, / Балбандын баары дагдаңдап, / Сакалы актар жайкалат, / Мингени жорго чайпалат, / Чыгып жатат калмактар, / Өргөн биттей самсаалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Биттейимен бирге өскөн, / Табылган ашты бир жешкен, / Жакшы-жаман иш болсо, / Жашырышпай сүйлөшкөн, / Каралдым Чубак сен элең, / Караандап турчу мен элем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайсаң, Мажик эрлерим, / Биттейимен айрылбай, / Бирге басып жүргөнүм, / Эрлерден түгөл айрылып, / Өлбөгөн турат сүлдөрүм! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →