бирөө
- Бирдин жамдама саны.
- Кимдир бир адамды, кандайдыр бир кишини атын атабай көрсөтүүдө колдонулат.
- Башка бир адам, бөтөн киши, чоочун адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Найзасын Сазан имерди, / Чамакташка жиберди, / Билегинде күчү бар, / Он тогузда өзү жаш, / Жүрөгүндө оту бар / Эрдик күчү бир бөлөк, / Жаштык күчү бир бөлөк, / Делбе күч деп бирөө бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…насын, / Белгилеп болдум бул элдин, / Колунан жумуш келерин, / Айлаңар жетип, ал келсе, / Тез болуп калса силерге, / Чубак, Сыргак дегенин, / Жана Сарала атчан бирөө бар, / Элдин турат четинде, / Байкашымча караанын, / Арзан киши дебеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эркек киши болгондон, / Барбады бирөө жанына, / Кыңырак, канжар, кестигин, / Ташка кайрап алышып, / Кескилеп кирди тирүүлөй, / Катындын баары талашып, / Таразага салышып, / Тартып алтын алышып, / Өзөгү сак өлбөстөн, / Канчоро турат кайышып, / Кубалап чыкты аларды, / Гүлчоро, Бакай, Сейитек, / Талаадан келип калышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошол спискада байлардын, жакшылардын балдарынан кирген бирөө барбы?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
"Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт", – деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →