биротоло
- Таптакыр, экинчи кайрылбагандай, бир жолу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ошондуктан Кызыл-Кыя деген жерге жолчу болуп, биротоло көчүп кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кийин борбуюн көтөрүп алган соң, элден биротоло кол үзүп, дайнын таптырбай кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Ошол жактан биротоло сууга жууй кел,— дээри менен, келини да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Элдин көбү жан айласынан ушул биз өңдөнүп, биротоло үй-бүлөсү менен малай болуп, орустарга кире качып кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Таксыр, жүрбөй калган атыңызды мага бериңиз, мен сизге атымды тартуу кылып, биротоло беремин.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →