бирок

китептерде 158 жолу, 7 китепте
  1. Айтылуучу ойдогу карама-каршылыкты, бири-бирине туура келбегендикти же айтылуучу ойго чек койгондукту билдирип, айрым жөнөкөй сүйлөмдөрдү тутумдаштырууда колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайырдынын кырына, / Чыгып келип Алмамбет, / Айтып турган кеби ушул: / — Акбалта уулу Чубаксың, / Айткан кепти угаарсың, / Шыпшайдар адам баласы, / Бирок шайтандан ашкан айласы, / Алып жүргөн заңгиси, / Алтымыштан санаты, / Ашпайт, андан кемибейт, / Өмүрлүк мунун адаты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетей менен Гүлүскө, / Кеп-кеңешин салганы, / А бирок, Куйалыга барам деп, / Андай кепти кылбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бирок бая күнү келини Жанымжан менен бирдемеден улам уруша кетип, анын ачуусу менен Жумабекти талаадан кармап алып, чыңыртып басып туруп, бешмантын кайра сыйрып кеткен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Кадимки май бал, таруу, бирок менин энемдин сүтү кошулган эле. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Бирок эми ал кызды мен алам, сен алам болуп талашып киришет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →