бирме-бир
- Бирөөгө бирөө туура келген абал, жекеме-жеке.
- Жеке-жеке, айрым-айрым, бир-бирден.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аңгычакты болбоду, / Кабар барса көп элге, / Өөдө-тоодо кырыгздар, / Чогулуп келе калганы, / Санаты толду отуз миң, / Калмакка кырыгз теңелди, / Сан тарабы бирме-бир, / Карап туруп Шалкымат, / Көөнү даттап болду кир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көрсөтүп журтка өнөрүң, / Артта, Коңур, жөнөгүн, / Сен чыксаң Манас кабылат, / Эңсегениң табылат, - / Жаагын жанып Нескара, / Ушуларды бирме-бир, / Айтып турду жабырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бере турган тартууну, / Мен айтамын бирме-бир, / Келинден жүз, уулдан жүз, / Сумбаттуу болот, сөөгү түз, / Кыз сулуусу жүз болот, / Үч жүз болду санаты, / Жогоруда айтылган, / Алар олжоң мана бу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →