бирлеш
- Биригишүү, бириктешүү, биримдикте болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хан Калдык менен бирлешип, / Кыргызга келип салды кол.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карылып, Банус бирлешип, / Сынчы менен тилдешип, / Наманген, Ошто кыргыздын, / Жылкысын алды дүрбөтүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызылуйук дөө келсе, / Кырк миң аскер кол келсе, / Кылымда киши тең келбес, / Мадыкан экөө бирлешсе”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Хан Кыйаз менен бирлешип, / Канчоро көөнү шаттанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Алар көргөн зордукту, / Айтып адам түгөткүс, / Алты урук эли бирлешип, / Коромжу менен Калдуубет, / Кордугуна чыдабай, / Күн-түнү жок дүрбөшүп, / Уйкудан кирпик таң катып, / Өңүнөн азыр жүдөшүп, / Абышка арбак болуптур, / Кемпирл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →