биринчи
- Бирдин иреттик саны.
- Алгачкы.
- Мурда, оболу.
- Эң мыкты, эң жакшы, алдыңкы катардагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чыгып келсе байге алат, / Биринчи ат болбосо, / Мааникер байге албайт, — деп, / Ырчы уул айта салыптыр, / Ашка келген көпчүлүк, / Бул кепти угуп алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Куткарбаска эр Сейит, / Жетер-жетпес жеткенде, / Жетсе жалмаар кездерде, / Биринчи болуп жол тоскон, / Куткарбастын зор Чанак, / Бул экөөнө жолгошкон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Биринчи ирет келгенин, / Айкөл Манас шер келип, / Экинчи катар келгенде, / Кабылан Семей эр жеңип, / Үчүнчүсүн Кененим, / Бардык эл билет ашкере, / Эдебин колго бергенин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Өлүп бараткан адамды биринчи көргөнүм ушул.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Биринчиууру:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →