бирин-серин

китептерде 15 жолу, 4 китепте
  1. Көп эмес, анча-мынча, бирин-экин.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тайчабар деген бар эле, / Бирин-серин муруту, / Ак ала болгон чак эле, / Орто бойлуу он жашар, / Балачалык бар эле, / Так ошого Кенендин, / Айткан кеби бул эле: / — Жылбасты мин, Тайчабар, / Узатпастан Асылдын, / Изин кууп жетип бар, / Атаң кайтсын деди деп, / Менин кебим айтып бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Келе жаткан Сейити, / Жалгыз эмес эки экен, / Жанындакы кишинин, / Бирин-серин мурутка, / Ак ала чалган кези экен, / Сүрөтү киши болбосо, / Азырейил өзү экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ошондуктан бирин-сериндеп кап бөктөрүнүп алып, орус поселкаларына чубап калган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Абал ушинтип жаткан тушта, Кыргыз-Сайдагы бирин-серин катын-калач малайлар кеч кирип, бир жерге чогулуп алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жалгыз уулу бар абышка-кемпирдин колундагы бирин-серин малын жут алып, күн көрүш өтө кыйын болуп, акыры ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыздан баласын малайга бериш үчүн шаарга барышты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →