бирикме

  1. тар. Уюмдашкан чарба, колхоз.
  2. Бириктирилген, биригишкен уюм, союз же мекеме.
  3. Бир нече бөлүктөн же тармактан кошулган топ.
  4. Бир нече бөлүктөн же ар башка аскер бөлүктөрүнөн кошулган ири аскердик бирдик (бригада, дивизия, корпус ж. б.) Авиациялык бирикме.
  5. хим. Молекуласы бир нече элементтин атомдорунан турган зат. Химиялык бирикме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.