бирик

китептерде 111 жолу, 9 китепте
  1. Бирге болуу, баш кошуу, чогуу болуу.
  2. Уюшуу, уюмдашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ан, / Эки сандан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун сунуп арбайтып, / Далыдан аткый кармады, / Өзү тургай Чакмакташ, / Аты менен биригип, / Уучуна толбой калганы, / Чоркок Сазан маминтип, / Аты менен ээсине, / Жалгыз эмес экени, / Жаза кармап салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Биригишип “беш жаман”, / Коркутуп кирген түш жаман, / Короодо турса көп душман, / Жалгыз кара бир башын, / Сан миң колго баалаган, / Сайышып турса жаш балбан, / Не кыларын биле албай, / Медеркан башы айланган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жандан тойбой, Чойун алп, / Көп акылды ойлойлу, / Тажик, калмак биригип, / Кыргыздан калып жеңилип, / Калганга таба болбойлу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кааладым, келдим диниңди, / Хан Манас экөөң бирикчи, / Кагамын деген жиниңди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– Мен чын сырымды айтайын, Камыртайдын куйругунан биртал кылын алып, эки чыпалагымды бириктирип байласаңыз, менин күчүм ошондо, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →