бирерде

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Кез-кезде, кээде, кээ бир учурда.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кырк балбан бар жандаган, / Толук кырк миң киши экен, / Кокүн курап айдаган, / Көрө салып Конушпай, / Керсары болуп кубарып, / Жерди тиктеп муңайып: / — Кээ бирерде көрчү элем, / Кокүн деген адамды, / Тытып жеген бир сапар, / Тирүү турган адамды, / Кантесиң деп айтарга, / Келбеди элдин абалы, / Мен көргөндө Лахаса, / Шаары… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көккө чыгып көкөлөп, / Көк кептер болуп учат дейт, / Балык болуп бирерде, / Деңиздерде сызат дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кандай амир кылат деп, / Сизди карап турабыз, / Керек болсок бирерде, / Бир белгини билербиз, / Айткан бойдон кылсаңыз, / Ошондо жетип келебиз, / Жер астында, үстүндө, / Бар нерсени билебиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тартса оозуна күч бербей, / Алып өтө бергенде, / Жанында турган Семетей, / Энөөлүгү курусун, / Керге келбейт бирерде! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Анда-санда кээ-кээде, / Көз жаздырып турушуп, / Келип кетет бирерде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →