бирдеме
- Бир нерсе, кандайдыр бир белгисиз нерсе, окуя, сөз ж. б. Ага бирдеме деп айтты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…пишип, / Астыртан ээрин тиштешип, / Сыр бербейли шүк дешип, / Байлап алып кетели, / Камынгыла жүр дешип, / Кол сала албай качырып, / Апкаарышып сүрдөшүп, / Сен бирдеме дегин, деп, / Баш кишини күүлөшүп, / Билип туруп Гүлүстөн, / Апкаарыта сүйлөнүп: / — Жооп берер кишиң ким?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сак болбоду бирдеме, / Куну деген дары жеп, / Кара тоодо бу капыр, / Кайра атка мингенде, / Кандай адам тең келет, / Мен чабайын балталап, / Кармаар колу жок калды, / Сайгын, баат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бирок бая күнү келини Жанымжан менен бирдемеден улам уруша кетип, анын ачуусу менен Жумабекти талаадан кармап алып, чыңыртып басып туруп, бешмантын кайра сыйрып кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чаначтын түбүндө бөлтөйгөн бирдеме жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кетээрде падыша Султаналынын сыйкырдуу бирдемеси бар экенин билип, анын сырын билиш үчүн:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →