бирдей
- Окшош, айырмасы жок, теңдеш.
- Тең, чогуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Экөө бирдей тең сынык, / Бир жолу өлүк хан Калдык, / Кеткени жок жан тынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
- / Деп бакырып Чынаача, / Жарлык кылды калкына, / Бүткүл ооган жалпыга, / Асабанын баарысы, / Кыргызды карай кылкылдап, / Жылып келе жаткандай, / Жердин бети былкылдап, / Балбандын баарын торунан, / Баардыгын бирдей агыткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Как ушундан бир бала, / Сартбай атын койуптур, / Чоңойуп бойго толуптур, / Атасынан артылып, / Батыш менен түштүктү, / Баарын бирдей соруптур, / Баш көтөртпөй койуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мурун өткөн элдерден, / Оозго алынган эрлерден, / Ороздудан бер жакка, / Өзү турган шол чакта, / Бир жүз кырк төрт эр санап, / Айал-эркек дебестен, / Баарын бирдей тең санап, / Аш берем деп буларга, / “Ааламга кабар салам, — деп, / Кимдин кеги бар болсо, / Ошол кезде табам, — деп, / Чаары чыгат көзүнөн, / Чалгырты чыгат с…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Эки жаагы менен ээгинин са калынын узундугу бирдей.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →