бирде

китептерде 50 жолу, 9 китепте
  1. Кээде, кез-кезде, кээ бир учурда.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бирде өөдө, бирде ылдый, / Атаңдын көрү дүйнө шок! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бирөөнө бирөө окшобойт, / Адамдын болот жаманы, / Адаштырып кай бирде, / Ар убак тийет залалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Онубуздан жан албай, / Минген атты олжо албай, / Көп кошуунга карабай, / Кашкайган келин катындан, / Кыздан чыккан асылдан, / Бирде бирин таштабай, / Каары катуу Куткарбас, / Бастырып кетти жайма-жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ошондо мен он бирдемин. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →