биргелеш1
- Бирге, бирдикте, чогуу, биримдиктүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эрдинен көзөп тешпесем, / Кекиликтей мойнунан, / Кедери толгоп үзбөсөм, / Арбагы Манас жар болсо, / Биргелешкен тогуздун, / Тобун бузуп келбесем, / Келгис кылып Таласка, / Жолун тосуп келбесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ортого койгон кеп-кеңеш, / Отор, Батай, Катайга, / Отурдуң, Бетер, Биргелеш, / Кеңешти мыктап кылдыңар, / Эл ичинен кектүүнү, / Эп келтирип жыйдыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Ай, ай, балам Ажыбай / Кудай билет өлүштү, / Кудай билет келишти, / Катын менен баланын, / Кайтып жүзүн көрүштү, / Биргелешип олтуруп, / Бир дасторкон бетинен, / Бир табактын ичинен, / Биригип даам ичишти, / Анда Ажыбай муну айтат: / — Хан чакырар ишим бар, / Катуу кыйын жумуш бар, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көңүлдөн кайгы арылтып, / Күн батыштын жээгинде, / Биргелеш хандар биз элек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сейтек Гүлнар кааласа, / Бара бергин Урумга, / Орус хан менин өз атам, / Мен жазган катты алпбарсаң,, / Эми карып калдым деп, / Энчисине кызынын, / Элин кошуп береби, / Кудай билет хан атам, / Же жерин кошуп береби, / Батыш, чыгыш кыргызы, / Биргелешип кетеби.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →