бирге

китептерде 390 жолу, 10 китепте
  1. Кошо, чогуу, бирдикте.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Андан кала бергенде, / Андайлардан неченден, / Кеп кутулбас чеченден, / Астынан киши өтпөгөн, / Азым деген кечилден, / Каныңды сурап алайын, / Түбүбүз алаш бирге эле, / Жылкычы башчы кылайын, / Жамандык кылсаң, сен кылдың, / Мен жакшылык кылайын, / Арамдык кылдың, сен кылдың, / Кылгылык кылып койуп сен, / Билмемиш болуп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ы качканда, / Байкап турган Дабытай: / — Элебей калсын Кененим, / Сен, Кесилет, бар, — деди, / Аркасынан туйдурбай, / Аңтара сайып сал, — деди, / Он миң балбан бирге бар, / Туш- тушунан каман сал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аңгычакты караса, / Капканын кара тоосунан, / Уйулгуп чаң созулду, / Учу бирге кошулду, / Алмамбет менен зор Чубак, / Ач жолборстой эр Сыргак, / Алдынан тосо барышты, / Абаң Бакай жол баштап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айчүрөк бар алдында, / Хан Сейитек, Гүлчоро, / Керменбай бар жанында, / Кирип чыгып Сетертай, / Бирге жүрөт Каргалдай, / Андан башка кишилер, / Артынан басып бара албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →