бир

китептерде 8144 жолу, 10 китепте
  1. 1 саны, эсеби.
  2. Атооч сөздөр менен айкалышта айтылып, ага «кимдир», «кандайдыр» деген сыяктуу так, айкын болбогон маани берүү иретинде колдонулат.
  3. Чогуу, бирге экендикти, белгилүү даражадагы биримдүүлүктү, бирдикти билдирүүдө колдонулат.
  4. Белгисиз ат атоочторду уюштурат.
  5. Аныктама ат атоочтордун татаал түрүн уюштурат.
  6. Мезгилди көрсөткөн тактоочторду уюштурат.
  7. Сын-сыпатты билдирген тактоочторго күчөтүү маанисин берет.
  8. Санөлчөмдү көрсөткөн тактоочторду уюштурат.
  9. Бөлүктү, убакыт өлчөмүн, ченемди көрсөткөн бир катар сөздөр менен айкалышып, түрлүүчө чоңдуктагы, көлөмдөгү ченди жана белгилүү бир убакыт өлчөмүн билдирет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Олуйалар ошолор, / Ынтымагын карачы, / Бирине бири жок экен, / Ичинде чаар аласы, / Ырысын кара Манастын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кийинки жылы куу чаар бээ, / Дагы бирди тууганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айаш атам Момунжан, / Кашкардагы Токто сарт, / Чүрөк жеңем келтирди, / Бириңдин жараң бүтүрдү, / Бириңди бойго жеткизди, / Айла менен амалдап, / Таласка кайта келтирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондо кыз чыдабай бир күнү элди чогултуп, Зыйфырымдын көзүнчө. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →