билмексен

китептерде 33 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсени билип алуу үчүн анткорлонуп, билбеген болуп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мойнуна асып боосунан, / Жүрөгүнө түз койуп, / Туйгузбай бетин жаап койуп, / Билмексен болуп турганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Түн ичинде кыргыздар, / Кубалап келип кырат, деп, / Билмексен болуп Кененим, / Үйүндө жатып калат, деп, / Кырбаса алып ат-тонду, / Айдап жолго салат, деп, / Таластан бери чыкканда, / Эсибиздин чыкканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Билмексен болуп жай басып, / Эки кызды бирге алып, / Ырсаңдап күлбөй сумсайып, / Кирип келди суйсалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тынч жаткан элдин чоңдорун, / Чакыртып кел бул жерге, / Чойтолоңду оозго албай, / Билмексен бол жөн эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жооп берген киши жок, / Кай кеткенин Калдуубет, / Аны менен иши жок, / — Билмексен болуп сен Ойрот, / Не сурайсың кана деп? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →