билиш1

китептерде 53 жолу, 10 китепте
  1. Тааныш, белгилүү, бирин бири билген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баарын көрүп алардын, / Абыдан көрүп аралап, / Азык менен аралды, / Кашкар менен жол жүрүп, / Ак калпак кыргыз эл көрүп, / Чеч төбө келип бел ашып, / Бактыбай менен көрүшүп, / Эсен-соосун билишип, / Таласка кетти Бекбача, / Карсылдашып күлүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элден чыккан Бактыбай, / Кененимге жолгошуп, / Эсенби деп көрүшүп, / Эсендигин билишип, / Жай-жайына барышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ойноп жүргөн немедей, / Абасы менен көрүштү, / Амандыгын билишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ат жетээр жерде жан калбай, / Келип-кетип топтошуп, / Семетей менен көрүшүп, / Эсен-соосун билишип, / Кыргыздар жетти жыргалга, / Мурункуга окшошуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Билишет экен: өлгөн-житкенден өйдө баарын терип-тепчип калтырбады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →