билинер-билинбес
- Анчалык байкаларлык эмес, анчалык сезилерлик эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Энем да күндөкүдөй эмес, көздөрү коркунучтуу, чарасынан чыгып, көкүрөгү кырылдап, билинер-билинбес дем алып, улам жоошуп кетип баратат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— деди, муруту менен билинер-билинбес жымыйып.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ыксыраган ширин уйкудан эрксиз ойгонуп кетип, уйпалактап, көзүбүздү ачсак, жер билинер-билинбес агарып келе жаткан экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошентип отуруп бир жерден билинер-билинбес бир кишинин изи баткаңдай жылчык көрүнөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →