билин
- Таанылуу, белгилүү болуу, байкалуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…к сары шым, / Төбөгө чачы түйүлүү, / Белине балдак илилүү, / Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей бул жүрөт, / “Медеркан келип күпүлдөп, / Чигитейге кас кылса, / Өлтүрүп койор жаш бала, / Туйундуруп баатырга, / Кетейин деп бул итти, / Аты менен мен сүйрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…үгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми өлдүк бүт дешип, / Кененимге кезигип, / Кетти деп башым …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмгөн ороо бар, / Деңизинин бойунда, / Өрдөк, чүрөк, кайырма, / Аралашкан соно бар, / Салыны…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күнү-түнү дем албай, / Күндөп, түндөп жол журуп, / Сууп калган тулпарды, / Айабастан жол жүрүп, / Түк кишиге көрүнбөй, / Жан адамга билинбей, / Түн ичинде келди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Айланамды карасам тырс эткен жан билинбейт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →