билимсиз
- Аркы-беркини түшүнбөгөн, билгиликтүү эмес, жөн билги эмес.
- Билими жок, сабатсыз, окубаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билгич киши сен болдуң, / Билимсиз киши мен болдум, / Укмамыш болуп келайтам, / Суук сөзүң койбодуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →