билимдүү
- Билими бар, окуган, маалыматтуу.
- Аркы-беркини түшүнгөн, акыл-эстүү, билгиликтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайрылышат туугандан, / Кадыры өткөн жатынан, / Белдүүсүнгөн, бийлеген, / Билимдүү мырза залынан, / Кыркына тегиз чакырды, / Ата конуш айлынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Билгизип айта кетейин, / Билимдүү Бакай абамды, / Өткөрүптүр башынан, / Угушта далай заманды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Кан өзүнө караштуу вазирлерин, карыяларын, билимдүү көсөмдөрүн жыйнап алып, алиги чалдын айткан сөздөрүн кандай кылабыз деп акылдашат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →