билим
- Ой жүргүзүүнүн жана коом менен жаратылыштын өнүгүшүнүн закондорун үйрөнүүнүн системасы.
- Белгилүү окуу жайы аркылуу бериле турган илимий маалымат, илим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– деп, / Тура калды ордунан, / Кандайлыгын билим, деп, / Эки жагын каранып, / Эшикке барды элеңдеп, / Эшикке жакын барганда, / Токтоло калды чебердеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сен билегиң жоон бирди алсаң, / Мен билимим бар миңди алам, / Болбой мойнуң толгосоң, / Сейитиге окшотуп, / Мойнуңа чынжыр салбасам, / Кылгылыкты кылбасам, / Кыйалданба Куунайза, / Кымызга сууну куйбасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Мына ушинтип "билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү минди жыгат" дегендей Макмут алы жок болсс да, акылы менен жоосун жеңип, аман калган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →