билет
- Бир нерсени пайдаланууга укуктуу экендигин далилдөөчү (адатта акчага сатып алынуучу) документ, чыпта.
- Партиянын, белгилүү бир уюмдун, коомдун ж. б. мүчөсү экендигин, кандайдыр бир милдеттери бар экендигин аныктоочу документ.
- Билимин текшерүүдө суроолору көрсөтүлүп жазылган баракчалар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти, / Эстесек тартып кейишти, / Эт жүрөктү эритти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, чойун баш, / Кетелек менен сом темир – / Баарысын билет түгөнгүр, / Мылтык атып, жаа тартып, / Баарын билет Талана.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Манасты билет мурунтан, / Жан чыгарат айбаттан, / Уу ичкендей карарса, / Өлүп кетет далай жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өзү билет Куйалы, / Ат-атынан чакырып, / Он экини ылгады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Согушкан пенде соо калбай, / Соолгон жандан ажыраар, / Бердике айтып жиберди, / Эл жыйылган көпчүлүк, / Чуркурашып калышты, / Ким экенин ким билет, / Бирөөнүн айтып салышы: / “Жоо кадырын, жоо билет, / Гүлчоро менен Канчоро, / Ал экөөнөн башкадан / Буга беттеп ким кирет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →