билерман

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Башкарып-тескөөчү, белгилүү бир топтун, уруунун ж. б. иштеринин жөн-жайын жакшы билген башкаруучу, алардын эркин билдирип бийлөөчү.
  2. Иштин көзүн тааныган билгич, көптү билген, билеселүү, акылман.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кирген адам жүз сексен, / Баары тегиз билерман, / Алар менен аралаш, / Алмамбет да бир кирген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп Куткарбас өзүнчө, / Билерман болду күйүгүп, / Мактады мени жакшы, деп, / Тапан хан калды сүйүнүп, / Куткарбастын кебинен, / Шум канчык калды сыр түйүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бүтүн казак элинен, / Билерманды жыйнадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Улуктук берем силерге, / Урматымды билгиле, / Мырза болсом Төтөгө, / Сен авазир, Абыке, / Байтерек, өзүң жаш, — деди, / Сүйлөсөң тилиң так, — деди, / Бий көтөрдүм сени мен, / Билерман болуп жак, — деди, / Өзүң бойдок баласың, / Качанда болсо, Байтерек, / Бир сулууну аласың, / Сулуу кызың барбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Кыргыздын эл билермандары өзүлөрүнүн балдарын, тукум журттарын спискеге кийирген жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →