билерик
- Күмүштөн, алтындан ж. б. металлдан жасалган, аялдар кооздук үчүн билектерине сала турган буюм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билегинде билерик, / Буруп соккон имерип, / Анча-мынча кишилер, / Кымбат баа кыргыз кызына, / Кеп кыла албайт ийменип, / Манжага шакек жарашык, / Жасагандай табигат, / Колдоруна…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ып, / Тоту куштай сыланып, / Он бештен чачы тизилип, / Сагагын салып мойнуна, / Жүрөкчөсү карк алтын, / Беш манжага ак күмүш, / Шакектерин салынып, / Кулпулама билерик, / Күн чагылып жаркылдап, / Кулакка сүйкүм угулуп, / Күлкүсү башка шыңкылдап, / Керегедей жарданып, / Башында кундуз тебетей, / Мойундары койкойуп, / Кийгенине…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Балтамдын сырты жарылды, / Кош билерик чырматам, / Кайта айланып келгенде, / Тирүү койбой кыйратам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ч нерсе, / Торкодон чапан жылтылдап, / Бийдана бутта кыйчылдап, / Сууда сүзгөн балыктай, / Келиндер басып кылтылдап, / Шайы көйнөк жалт этип, / Алтындан соккон билерик, / Ак билекте жалт этип, / Кийгени кундуз тебетей, / Күлгөндө үнү шаңк этип, / Төгүлгөн жерге сымаптай, / Элестеп көзгө жылт этип, / Алтындай топчу наар төккөн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →