билектүү
- Күчтүү, балбан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Чачынан чапчып кармайын, / Оодара тартып салайын, / Байлатып темир тор менен, / Олжо катын кылайын, / Мага окшош эр экен, / Катындан чыккан шер экен, / Пил билектүү эр туулат, / Бир тукумун алайын, / Жиберип муну Балыкка, / Кабар салып калыкка, / Башына мүшкүл салайын, / Катын кылып алайын, / Карманап, Карадөөлөрдү, / Ошон…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
- / Ойонубуз баатырдын, / Ойуна булар кеткени, / Сарала менен чуу койуп, / Залкар тоодой Чубакка, / Салган бойдон жеткени: / — Айланайын Чубакем, / Сом билектүү таш жүрөк, / Козголбостун бири элем, / Улук кытай журтумда, / Уруша келген эр болсо, / Куткарбастын бири элем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →