билек

китептерде 180 жолу, 10 китепте
  1. Чыканактан колдун башына чейинки аралыктагы мүчө, жилик.
  2. өт. Күч, эмгек.
  3. Сокбилек.
  4. Кээ бир өсүмдүктөрдүн, мисалы, ышкындын түбүнөн чыккан жалбырагынын жалбырак ачылганга чейинки бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжа башка, билек бир, / Ушак айтпа аркадан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Укмуштуу киши Медеркан, / Маңдайынан сылады, / Билектен тамыр кармады, / Балага тийген кеселди, / Башка кебин салбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Байлоодо туруп бакырып, / Билектерин түрүшүп, / Бирин бири качырып, / Карс дедире сүзүшүп, / Байлоодогу алтымыш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Качкан пилди кармады, / Тордун учун байлады, / Сүйрөтүп алып кетсек, деп, / Аты менен Сыргакты, / Билектей камчы кезешип, / Пилди булар айдады, / Сүйрөтүп жөнөй бергиче, / Алмамбет келип калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Белине кара курчанып, / Ээленип турат сур чалыш, / Камчы менен Суратты, / Карчыттан нары бир салып, / Көк букадай өкүрүп, / Жалаңгычтай көрүнүп, / Карыга чейин билегиң, / Май алчудай түрүнүп, / Алдында минген тосур ат, / Албан түрдү жүгүрүп, / Аркасынан чыккан чаң, / Аткан таңдай түрүлүп, / Жер килити сөгүлүп, / Көргөндүн көө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →