билгич

китептерде 30 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсени тез сезгич, тез биле коюучу.
  2. Билерман, акылман, даанышман.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бир белгиси болбосо, / Билгичтер мурун неге айткан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Медеркан менен тилдешкен, / Бекем байлап сүйлөшкөн, / Билгич киши бул экен, / Келер ишти бүт билген: / — Мадыбекти сурайсың, / Башкадан дагы сураба, / Бекер өлүп кетесиң, / Өз жаныңды канткенде, / Мадыбек үчүн кечесиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элчиге Турна кетиптир, / Эми эр Семетей нетиптир, / Баш билгичин жыйнатып, / Кеңеш кыла кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– деп, / Биринен бири сурашты, / Манаска басып барышты, / Билгичтер сурай салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балта жетпес кыйгачтап, / Басып өтө берерде, / Кара күчкө беттешип, / Качып өтө берерде, / Билбей бала калган жок, / Билгич жанда мындай жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →