билги
- Билгич, баамдагыч, тез биле коюучу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ордоңду бузуп талкалап, / Гүлгаакыны олжо алып, / Чынгыш кулду кошо алып, / Кеткен киши Кененим, / Кененимдин баласы, / Бекбача иним сен билгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баатырдын уулу эр неме, / Баш булгап жоодон качпаган, / Бала жолборс шер неме, / Сүйлөсө тили так эле, / Сөз билги жайы бар эле: / — Капаланып кайгырып, / Катын-балаң, казактан, / Кайда бардың айрылып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Баашалык минген тагым бар, / Маңдайымда багым бар, / Жаакташса жаңылбас, / Иш билги жайым дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүйлөбөй баары токтолду, / Каргылданып Каныкей, / Айта турган окшонду: / — Сейитектин кебине, / Мен ыраазы түбүндө, / Мунабу турган Бакайга, / Манас билги талашпай, / Берип жүргөн күнүндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →