бил2

китептерде 2584 жолу, 10 китепте
  1. Кабардар болуу.
  2. Кандайдыр бир нерсе, иш, окуя ж.б. жөнүндө акыл-сезиминде баамдоо, ажырата алуу.
  3. Аңдоо, түшүнүү.
  4. Таануу.
  5. Туюу, сезүү.
  6. Башкаруу, бийлик кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жакшылык менен жамандык, / Калемде кеткен жазууну, / Жапкан менен жабылбайт, / Сен жашырып катпагын, / Мен билгеним айтамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаңгырды карап алайып, / Алдыңкы ээрдин жаланып / — Береминби, бербеймин, / Өзүм билем мал-пулум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баш көтөрүп ошондо, / Хан Сейитек айтат кеп: / — Керменбайдын кеңеши, / Өтө сонун кеп экен, / Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Канчорого кеп болсо, / Каркылдап карап турганда, / Хан абам билсе эп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Мен билчү эмес элем,— деп тарткынчыктай баштадым эле: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Сууга барып "шалп" эткенде гана өлөрүн билди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →