бийлик

китептерде 38 жолу, 7 китепте
  1. Мамлекетти башкаруу укугу, саясий үстөмдүк.
  2. Бийлеп турган башкаруучунун өкүмү, чечими.
  3. Башкарып-тескөөчүлүк, кожоюндук кылуу же моюн сундуруу укугу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ей, / Баса келип тебелеп, / Мадыкөлдү сулатып, / Тактасын элге талатып, / Ар кайда элин таратып, / Бараң менен Шаңкайды, / Кыргызга кошуп каратып, / Баарысынын бийлигин, / Кар манапка карматып, / Топтоп күлүк аттарды, / Кеткен экен айдатып, / Багышка берип кетиптир, / Жолдо кетип баратып, / Чоң атаң сенин Мадыкөл, / Баары жанд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…йың адам талашпас, / Тыңдуусунуп тиркешип, / Тилдүүдө бирөө тыйа албас, / Арзандык менен бул тонду, / Кыргыздын уулу кийе албас, / Бий болдуңуз, ажым, — деп, / Бийлик тонду алың, — деп, / Кыпкызыл түлкү жакасы, / Кара баркут кыргагы, / Булуңдарда каргыма, / Боржуйган сонун саймасы, / Хан Манас сунуп Ажыма, / Калдайган тонду … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балан-бустан дегинче, / Семетей жооп бергиче, / Гүлүстөн мындай деди эле: / — Бийлик кылып мен айтам, / Кайыпчыда абакем, / Билгини мага берди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кандай кылсам эрким бар, / Бүгүн бийлик өзүмкү! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Алп беттешип алган жок, / Алайа тиктеп койгондун, / Бири тирүү калган жок, / Периге барды Көйкапка, / Бекбачада арман жок, / Бийлик колдо турганда, / Кылбаган иши калган жок, / Ар кимди койот эркине, / Кээ кезинде дүйнө шок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →