бийле1

китептерде 59 жолу, 10 китепте бийле 2 →
  1. Бийлик жүргүзүү, башкарып, үстөмдүк кылуу.
  2. Басымдуулук кылуу, ээлөө.
  3. Таасирин тийгизип, өзүнө баш ийдирүү, туткунуна алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н, / Көптүгү кара кумурска, / Жан көрүндү өзөндөн, / Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, / Дөө көрүндү өзөндөн, / Ат көтөрбөй тер болгон, / Жөө көрүндү өзөндөн, / Калкты бийлеп башкарган, / Хан көрүндү өзөндөн, / Сардар болуп журт билген, / Зал көрүндү өзөндөн, / Айдама кошуун канча миң, / Кол көрүндү өзөндөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коросон менен испанга, / Жону туйук нар бердик, / Сандыкка салып зар бердик, / Андан кала бергенде, / Кыргызды чаап алгын, деп, / Сыртынан бийлеп аа бердик, / Өз билгенче айабай, / Карындан майга мал, дедик, / Айткандын баары бөтөн сөз, / Акмак болгон белембиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Акылына токтолду, / Абдылда чечен октолду: / — Ак олпок болсо кийгениң, / Аккула болсо мингениң, / Жайбаракат бастырып, / Жалгыз жолго киргениң / Жалпы алаш калкыңды, / Жалгыз бийлеп жүргөнүң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…й салаңдап, / Жети кабат күрөөкө, / Кийгени темир көмөрүп, / Тогуз кабат туулганы, / Төбөсүнө чөмөрүп, / Буттап темир курчанып, / Жекеге чыккан эрди алып, / Эл бийлеген зорду алып, / Ара жерге жол салып, / Таласты талап мал алып, / Айчүрөктү олжо алып, / Хан Семетей, Гүлчоро, / Шер Сейитек, Карадөө, / Баштарын кесип байланып, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өзүң билип эл бийлеп, / Аз эмес сенин жыргалың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →