бийиктик

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Бийик жер, бийик жай.
  2. Бийик абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ал аңгыча Макил дөө, / Келип калды өйүзгө, / Тереңдиги дайранын, / Бир миң кулач жерде бар, / Макил дөөнүн айбатын, / Кулагың болсо угуп ал: / Бийиктиги миң кулач, / Шаңкерек экен мингени, / Алда канча дайраны, / Арыкта суудай билбеди, / Көлчүк кечкен букадай, / Көлбүгүп сууга киргени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бейжин оңой шаар эмес, / Башка шаардай ал эмес, / Бийиктиги кырк аршын, / Коргону бар салдырган, / Аны иши дагы бар, / Адамды таң калтырган: / Жазылыгы кырк аршын, / Тереңдиги кырк аршын, / Кандеги бар каздырган, / Казг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…за он эки, / Сап болуптур тизилип, / Аркага качса найзалар, / Куткарбай кууп жеткидей, / Туурага чыга берерге, / Катар келген тизилип, / Аркан бойу кеңдикте, / Бийиктиги найзанын, / Ээрдин кашын белгилеп, / Келатканы билинди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Калыңдыгы коргондун, / Жыйырма кулач төш жары, / Бийиктиги коргондун, / Отуз беш кулач төш жары. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чийдин бийиктиги атчан кишинин бою менен тең. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →