бийик

китептерде 115 жолу, 10 китепте
  1. Башкаларга караганда бийиктиги жагынан айырмалуу, жогору, улуу, асмандаган.
  2. Жапалдаш эмес, узун, бойлуу.
  3. Жогорку, ардактуу.
  4. Даңктуу, улуу, зор.
  5. Жогору, өйдө.
  6. зат. м. Бийиктик.
  7. Көтөрүңкү, катуу, жогору.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөдөндөрү жылганын, / Көмөскөлүү жери тар, / Ышкырынып жаңырык, / Заңкайган бийик зоосу бар, / Аржаккы оозу жылганын, / Жери чаңдак шор болчу, / Будурмак адыр коо болчу, / Илгерки өткөн баатырлар, / Ошол жерден жиберип, / Жортуулчудан из чалчуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Төрт айагы кула аттын, / Топону көккө сапырып, / Жал-куйругу жайылып, / Катап келген көпчүлүк, / Калбай баары жабылып, / Жанаша албай кула атка, / Шамал артта калыптыр, / Ачып көздү жумганча, / Коросондон коргонго, / Кененим жетип барыптыр, / Дарбазасы сом темир, / Коргону бийик бир сеңир, / Эшик эндүү ай балта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тиги турган Сетертай, / Ордонун башы болгондо, / Бийик өкүм колунда, / Экөө бирге турганда, / Дагдаарып көөп кетпеди, / Ойунда сактап бул жүрдү, / Айчүрөк айткан кептерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →