биздей
- Бизге окшоп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калгандары кажылдап: / — Башкарар киши бизде жок, / Мында тургай элде жок, / Биздей урган пенде жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Отуз жети биз эмес, / Биздей нечен келгенден, / Сулаймат айдап бергенден, / Канча киши жоголду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Караганды уялтат, / Кепти баштап ал айтат: / «Атаңдын көрү, ит Чоро, / адам болбой, кет чоро, / акылы жок, нес чоро, / Жолоочу биздей болобу?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Алыскы жерде эл калды, / Армандуу биздей эл барбы?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анын биздей толгон бүлөөсү да жок,— деди өзүнчө.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →