биз

китептерде 1930 жолу, 10 китепте
  1. Сүйлөп жаткан адам өзү менен бирге бир нече адамды кошуп көрсөткөндө же өз тарабын билдирүү иретинде колдонулат.
  2. Автордук речте «мен» дегендин ордуна колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жоо келсе жолдон качпайлы, / Жүйөөсүз сүйлөп азбайлы, / Алайып бизге келбесе, / Ат бастырып барбайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ат берели, Алмамбет, / Биз жөө бассак да көрө, / Алп Жамгырчы, Балта дөө, / Сурап келсе бул экөө, / Бербей койор айла жок, / Сынчыны берди экөөнө, / Сынчыны алып келишип, / Беш жүздөн миң ат беришип, / Аттанып булар жөнөдү, / Жарлык ушул жүр дешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жана айтса жана кеп, / Канчородон сураса, / Байакы айткан ошо кеп, / Элдер турат чуркурап, / Атынан айтпай Бакайды, / Олуйам бизге бергин, деп, / Кетели деп кескилеп, / Өлтүрүп ийсек экен дейт, / Боор сыртка тепкилеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →