бешөө
- Бештин жамдама саны, эсеби.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түндө чырым албады, / Түнүндө чатак салганы, / Күндүзү тыным албады, / Сайышкан бирден балбаны, / Өтүп барат далай күн, / Бешөө келип чогулуп, / Бир баланы албады, / Кезектешип беш каапыр, / Бирден-бирден барбады, / Күндө уруш чуу менен, / Жердин бети чаңдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каптап келген отузду, / Имерип тийди Кененим, / Чокморлууга чаптырбай, / Найзалууга кактырбай, / Аралап өтө бергенде, / Найзакерден экини, / Чокморлуудан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бешөөң бөлүн, чекке чык, / Урушту байка көз салып, / Чүмкөлсө кара тунарык, / Келерин байка кандай ык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк, Гүлүс курбалдаш, / Шер Сейитек азыр жаш, / Каныкей, Бакай - карылар, / Ал бешөөнүн бирине, / Айтып койуп кайта тарт, / Карапайым кишиге, / Айта бербе жабырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондон бери эки акем өлүп бешөө калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →