бешмант
- Тизеге чейин жеткен, ичине пахта же жүн салынбаган жеңил чапан, күрмө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кынама бешмант кийгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бирок бая күнү келини Жанымжан менен бирдемеден улам уруша кетип, анын ачуусу менен Жумабекти талаадан кармап алып, чыңыртып басып туруп, бешмантын кайра сыйрып кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мынабу төрдө чытыраган бирөө бешмантчан болуп, жайдактанып алган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Султаналы сыйкырдуу бешмантты көп кийип күндө базарга барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Султаналынын тырпы тышына айланып, бешмант, тасторкондон ажыраганына аябай капаланды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →