бешинчи
- Бештин иреттик саны.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дегенди алып ойуна, / Ушаң топтон бөлүндү, / Бу жаңы баатыр, жаңы эр, / Мингени жалдуу тору экен, / Кийгени темир тор экен, / Жаңыдан атка ээ болгон, / Калмак Уушаң дээр экен, / Бейжинди билген бешөөнүн, / Бешинчиси шол экен, / Беш Бейжиндин элине, / Белдүүнүн бири ал экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара дөөдөн кеп алып, / Кержекти минип аттанып, / Токой жөнөп алыптыр, / Түн уйкусун бөлүптүр, / Күн тынымды койуптур, / Бешинчи күн дегенде, / Жеткен жери токойдун, / Кең кол ата болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Муну бузуп өтсө да, / Бешинчи сапка жетсе да, / Очогор мылтык, топ турса, / Кайда качып кутулар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →