бешим
- Түш оогондон кийинки мезгил.
- Ушул мезгилде окула турган намаз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эртеден кечке жетпеди, / Күн бешимге барганча, / Дөөгүрсүгөн дөөлөрдүн, / Он сегизи кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күн бешимге жеткинче, / Он эки баатыр балбандан, / Башын кесип алганы, / Бирөө тирүү калбады, / Бирин-бирге жеткирбей, / Бирден сайып жайлады, / Артындакы он миңди, / Короодо койдой айдады, / Чагандынын ийри жар, / Айдап барып камады, / Абдан дайнын сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ошол күндүн ичинде, / Эрегишип келгенден, / Неченге өлүм табылды, / Күн бешимге барганда, / Жүз элүү кытай тор алып, / Бир Сыргакка жабылды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырк киши бар жанында, / Жыйырмасы алдында, / Жыйырмасы артында, / Түндөсү кирип кетишет, / Жылчыксыз тоонун бооруна, / Мингени кызыл буурул де, / Кийгени аппак буулум, де, / Чылбырына чырмалып, / Карадөө турду кечке, де, / Күн бешимге барганда, / Ошондо келди кепке, де: / “Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошо күнү шашкеде чыккан так бешимге чейин тынбай кыдырсак керек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →