бешилик
- Беш ачалуу.
- Айры.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тегеретип имерди, / Терекке чаап жиберди, / Энесин көрүп күйүгүп, / Чөптөн чыкты жүгүрүп, / Балта менен Бешилик, / Кармап колго түйүлүп, / Жерде жаткан сойулду, / Кармап алды Бекбача, / Тоңкойуп балдар жыгылды, / Кыйырдата чапканда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ктап бастырып, / Бор койуна Токтосарт, / Кошо бата кылдырып, / Керчөөсүн кебеп бышырып, / Боору менен куйругун, / Майлуу боор кылып кесиптир, / Күмүштөн соккон бешилик, / Алып келип бердирип, / Коону менен дарбызын, / Торгоч, шабдоол, анжирин, / Алма менен анарын, / Алмурт, нашпут - аларын, / Бийе менен жүзүмүн, / Жангак мене…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Келейткан дөөнүн күүсүнөн, / Камыштар жерге жалпайып, / Өнүп турган чынарлар, / Бир жагына кыйшайып, / Ат минбеген жөө болуп, / Кудай урган Нүкүр дөө, / Кирип келди дардайып, / Тургандар менен кээри жок, / Тартынып калар жери жок, / Чеңгелдеп алып кетерге, / Ак кептерге кол сунуп, / Бешиликтей арбайтып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →