бешик

китептерде 57 жолу, 10 китепте
  1. Жаш баланы бөлөп, терметүүгө ылайыкталып, жыгачтан жасалган буюм.
  2. өт. Туулуп-өскөн, чоңойгон жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Салам айтып Каракөз, / «Уруксат кылсын бизди, — дейт, / Таластагы кыргызга, / Талаан койуп тийем, — дейт, / Бешиктеги балдарын, / Карагай-кайың, талдарга, / Шилисинен илем, — дейт, / Катын менен кыздарын, / Өз билгимди кылам, — дейт, / Кымызын төгүп сабаадан, / Ордуна суудан куйам, — дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Какжаңдап карың кыйналсын, / Бөкчөңдөп кемпир ыйласын, / Бешикте лалаң ачка өлсүн, / Качып жүрүп уул- келин, / Курбу-курбу ташта өлсүн, / Алысак тартып чубатып, / Арыктап төөлөр чөлдө өлсүн, / Ашарга иштеп аш таппай, / Азама… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бешиктеги Семетей, / Белине курчап Каныкей, / Арууке менен Көрпөйан, / Кошо келе калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Энем өлдү эмизбей, / Бешикте калдым мен жеке, / Тайекем багып чоң кылды, / Кыргыздын кыйба элинде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Үйүндө бешиктеги жалгыз баласы менен катыны гана калган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →