бешене
- Маңдай, чеке.
- өт. Жазмыш, тагдыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Адашып калат эчендер, / Эсин таппай темтиреп, / Кыргый сөөк, кымчак бел, / Кырмызы көйнөк тасма бел, / Тал-талдап тизип өрдүргөн, / Желкесинде чачын көр, / Бешенеге жарашкан, / Калемдей кара кашын көр, / Ийини салык, мойну кез, / Алмадай болгон башын көр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Торгойдун өңү бузулуп, / Кең дүйнөсү кысылып, / Өзүнчө басып кара тер, / Бешенеси нымыгып, / Көлдөлөңдү алабы, / Көрпөчөнү салабы, / Капшытын ачып шыкаалап, / Келатканды карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сыр алдырбай Алмамбет, / Сыздырып кетип баратат, / Эр Чубактын өлүгүн, / Алып кетип баратат, / Бешенеден аккан кан, / Баатыр Чубак үстүнө, / Жайып кетип баратат, / Элге жете барганда, / Эр Алмамбет муну айтат: / — Эрен Бакай абаке, / Чылбырды карма!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бермети беттен төгүлгөн, / Бешене жарык көрүнгөн, / Саамай чачы бириндеп, / Салынып жерге желбиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Саман тыгып териңе, / Дарбазага аспасам, / Калганыңдын баарысын, / Бешенеге жазбасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →