бечел
- Маалына жетип, баспаган бала.
- өт. Чабал, начар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Келип жаткан эри көп; / Тоодой алтын зары көп, / Оторго батпай малы көп; / Ойрон болгон кыргызда, / Акылчы көп, чечен көп, / Алты жашка чыкканча, / Кененимди бечел деп, / Угулуп жүргөн бул бир кеп, / Жалгыз Асыл баш бербей, / Бизге болду кыйын кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Колу-бутун карасаң, / Чынардай бар тарбайып, / Үстүңкү ээрди калбайып, / Астыңкы ээрди шалбайып, / Өтөктө жатып жуушаган, / Кара атандай дардайып, / Эки эмчеги бултулдап, / Эки эне эмген танадай, / Эки бети томтогой, / Баспаган бечел баладай, / Ортого чыккан ошону, / Тик багып элдер карабай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Той бербеди балага, / Ат койбоду дагы ага, / Ачып көздү жумгуча, / Үч жыл өттү арада, / Үчкө чыгып баспады, / Бечел калып бу бала, / Бутунун жок дарманы, / Көтөрүп бойун басарга, / Алты жашар баладай, / Көргөн элдер караса, / Айтса-айтпаса бу бала, / Үч жыл жатты курсакта, / Үч жыл болду туулгалы, / Алты жашта убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бечел адам кыйкырса, / Төр жагына жетчү эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Беккул менен Бечел жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →