бечара
- Мусапырчылык, карыпчылык башына түшүп турган, аянычтуу абалда калган адам, байкуш, шордуу.
- Боор ооругандыкты, аягандыкты билдирүү иретинде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Былк этпей туруп бергенге, / Бечара Торгой таң калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Жаш Манасты сойлотом, / Менин бекер жатышым, / Айландырып ойлосом, / Аз күндөн берки кабарда, / Нарынды таштап талаага, / Ажал жактан шекинип, / Алоооке качкан бечара, / Колунда турса аскери, / Коркок болбос мындайда, / Аркасын карап кылчайбай, / Боздөктүргө жетиптир, / Эмгичекти берилеп, / Эл өчүнө келбептир, / Банус хан, Д…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир бечара айтканга, / Эми эсепке алалык, / Эр Сейитим айтканда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Бечара карыптарга көрсөтө турган жардамыңыздар болбос бекен?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Адил хан "ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы", дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →